ӨКМ сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар тилекелерди атады
RU

ӨКМ сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар тилекелерди атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө 30-31-июль күндөрү аба ырайы туруксуздашып, нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдарына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, таш кулоо коркунучу бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таш кулоо жана сел жүрүү коркунучу бар аймактардын тизмесин жарыялады.

  • Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;
  • Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Тороо райондорунда;
  • Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван жана Кара-Суу райондорунда;
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;
  • Чүй облусунун Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда;
  • Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор райондорунда;
  • Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Кооптуу делген унаа жолдор

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;
  • Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;
  • Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;
  • Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;
  • Талды-Суу-Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;
  • Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;
  • Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;
  • Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

Министрлик жарандарды жана айдоочуларды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16809