Бутун өптүргөн "принцти" сабап жаткан видео тарады
RU

Бутун өптүргөн "принцти" сабап жаткан видео тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта өзүн "принц" деп атоону талап кылып, бутун өптүргөн жигит сабалды. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, 2 киши жигитти сабап, бутун өптүрүп жатканын көрүүгө болот.

Чүй ОИИББден окуя тууралуу редакцияга маалымат берип, видео боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын айтышты.

"Бул окуя Сокулук РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Видео качан тартылганы такталып жатат. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет",- дешти башкармалыктан.

Белгилесек, буга чейин социалдык тармактарга өспүрүмдүн бутуна бычак сайып, өзүн "принц" деп атоого мажбурлап, бутун өптүргөн 19 жаштагы жигиттин видеосу тараган. Бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кийин "Кыйноо" беренесине алмаштырылып, тергөө жүрүп жаткан. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16812