Кыргызстанда балдардын 20% эмгекке тартылат. Статистика
RU

Кыргызстанда балдардын 20% эмгекке тартылат. Статистика

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда балдардын 20% балдар эмгегине тартылат. Мында кыздарга караганда эмгекке тартылган балдардын саны жогору (23%/16%) экени Көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөнүн (КККИ) жыйынтыгында айтылат.

Изилдөө көрсөткөндөй, айыл жеринде жашаган балдар шаарларда жашаган балдарга караганда эмгекке 2 эсе көп катышат. Жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары колунда барлардын балдарына салыштырмалуу дээрлик 5 эсе көп тартылары (26%/8%) аныкталган.

Зыяндуу шарттарда иштөөгө тартылган 15-17 жаштагы балдардын үлүшү башка курактык топторго караганда жогору. Зыяндуу эмгекке көбүнчө балдар (19%) тартылат.

Региондор боюнча балдар эмгегинин эң жогорку көрсөткүчү Нарын облусунда (31%), ал эми эң төмөн көрсөткүчү Бишкек шаарында (5%) байкалган.

Балдар эмгегинин аныктамасы

  • 5-11 жашка чейинкилер 1 сааттан кем эмес чарбалык иштерге тартылат;
  • 12-14 жашка чейинкилер 14 сааттан кем эмес чарба иштерине катышат;
  • 15-17 жашка чейинкилер 43 сааттан кем эмес үй жумуштарына тартылат. Акы төлөнбөгөн турмуш-тиричилик кызматтарынын сааттарынын чеги жок.

Чарбалык ишмердикке үй-чарбасында же үй-бүлөлүк ишканада иштөө кирет. Үй иштерине тамак жасоо, үй тазалоо жана балдарга кам көрүү, ошондой эле отун чогултуу же суу алып келүү кирет.

Бул жолку класстердик изилдөөнү ишке ашырууда балдар эмгегинин индикаторунун аныктамасы өзгөргөн деп айтылат баяндамада.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: ЮНИСЕФ.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16817