Президент Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматтан бошотту
RU

Президент Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматтан бошотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нурлан Дарданов президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул туурасында бүгүн, 31-июлда президенттин администрациясынан маалымдашты.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Белгилесек, Нурлан Дарданов 2023-жылы март айында Талас облусунун башчысы болуп дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16829