Ысык-Көлдө скутер минип бараткан киши сууга чөктү
RU

Ысык-Көлдө скутер минип бараткан киши сууга чөктү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө 35 жаштагы киши каза болду. Облустук ички иштер башкармалыгынан редакцияга билдиришкендей, маркум сууга чөгүп кеткен.

Маалым болгондой, 31-июлда Ысык-Көл РИИБине аймактык оорукананын тез жардам кызматынан билдирүү түшкөн. Анда Чок-Тал айылында скутерде бараткан киши кулап, көлгө чөгүп, оор абалда ооруканага түшкөнү кабарланган. Бул билдирүү каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүү учурунда сууга чөгүп кеткен адам Чок-Тал айылынын 35 жаштагы тургуну экени такталды. Жабырлануучу ошол эле күнү саат 21:10 чамасында оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калды.

Анын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, юридикалык баа берилет дешти башкармалыктан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16835