Шашылыш билдирүү! Айрым аймактарда нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт
RU

Шашылыш билдирүү! Айрым аймактарда нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2-августтан 3-августка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрүн Өзгөчө кырдаалдар министирлигинен эскертти.

Буга байланыштуу министирлик сел коопсуздук эрежелерин сактап:

  • арыктарды тазалап, жээгин бекемдеп, таштанды таштабоого;
  • турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздоого;
  • үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл бурууга;
  • сел учурунда дароо коопсуз жайга кетүүгө;
  • мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгууга чакырат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16837