Бут кийими суунун жээгинде калган аялдын сөөгү табылды
RU

Бут кийими суунун жээгинде калган аялдын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 73 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Маркум Чоң Кызыл-Суу суусунан табылганын ӨКМдан билдиришти.

Белгилесек, 1-августта саат 8:00 чамасында Кызыл-Суу айылынын 1951-жылы туулган С.Г. аттуу тургунунун бут кийими суу жээктен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткан.

Издөө иштерине 15 куткаруучу 1 дрон менен жана 14 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

Ошол эле күнү саат 19:00 чамасында ӨКМдин куткаруучулары жана дайынсыз жоголгон жарандын туугандары тарабынан С.Г`нын сөөгү Чоң Кызыл-Суу суусунан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16843