Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар Бишкекке келишти. Сүрөт
RU

Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар Бишкекке келишти. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Париждеги Олимпиада оюндарында мелдештери жыйынтыкталган спортчулардын биринчи тобу Бишкекке кайтып келишти. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Бүгүн, 2-августта таңга маал суучул Денис Петрашов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу келишти. Спортчуларды "Манас-2" Эл аралык аэропортунан маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Эске салсак, Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында Денис Петрашов 100 жана 200 метрге брасс ыкмасы боюнча сүздү.

Дзюдочулар Кубанычбек Айбек уулу 66 килограммга чейинки салмакта, ал эми 90 килограммга чейинки салмакта Эрлан Шеров өлкө намысын коргогон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16845