Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү 9063 сомду түздү
RU

Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү 9063 сомду түздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлуна карата пенсиянын орточо өлчөмү 9063 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйынында билдирди.

Алиев белгилегендей, бүгүнкү күндө пенсиянын орточо өлчөмү былтыркыга салыштырмалуу 1364 сомго көп.

Ал ошондой эле президенттин жарлыгы менен 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%га көбөйө турганын эске салды. Ошону менен бирге пенсиянын минималдуу өлчөмү пенсионердин жашоо минимумуна чейин жеткирилип 6,9 миң сомду түзөрүн белгиледи.

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2024-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда пенсия алуучулардын саны 787,5 миң адамды түзөт", - деди Бактияр Алиев.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16847