Рекорд. Өлкөдө электр энергиясын суткалык керектөө 40 миллион кВт сааттан ашты
RU

Рекорд. Өлкөдө электр энергиясын суткалык керектөө 40 миллион кВт сааттан ашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан боюнча электр энергиясын суткалык керектөө 40 миллион кВт сааттан ашты. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйында билдирди.

Министр белгилегендей, буга чейинки жылдары бир күндүк керектөө дайыма 32-35 миллион болуп келген. Ашыкча керектөө кышында көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экенин эскертти.

"Биздин өлкөдө мындай болгон эмес. Июль айында абанын температурасына байланыштуу электр энергиясын керектөө 40 миллиондон ашты. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, абоненттерибизден мүмкүн болушунча электр энергиясын үнөмдөөнү суранат элем. Сиздр билесиздер, канчалык көп керектелсе, ошончолук сууну түшүрөбүз (Токтогул суу сактагычынан). Ал эми жылытуу мезгилине суу керек. Эгерде азыр үнөмдөбөсөк, кышында кыйынчылыктар болушу мүмкүн", - деди Энергетика министрлигинин башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16848