Сокулуктагы "принцтин" окуясы. Жабырлануучу да камакка алынды
RU

Сокулуктагы "принцтин" окуясы. Жабырлануучу да камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта өзүн "принц" деп атоону талап кылган жигиттин окуясында жабырлануучу делген өспүрүм бала да кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББден кабарлашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын май айында Сокулук айылында 2008-жылы туулган К.Ж. менен 2005-жылы туулган Ч.И. аттуу балдардын ортосунда кастык мамиле жаралган.

"К.Ж. WhatsApp аркылуу Ч.И`нин аталаш карындашы Б.А`га коркуткан билдирүүлөрдү жөнөтүп, байкеси экөөнө кол саларын, өмүрүнө коркунуч келтирерин айткан. К.Ж. 24-июлда саат 20:00 чамасында Сокулук айылынын Калинин көчөсүндөгү даректердин бирине Ч.И`ни чакырып, бычак менен кол салууга аракеттенип, бирок аракети ишке ашпай калган", - дешет башкармалыктан.

Бул факты боюнча 2008-жылы туулган К.Ж`га карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-122 (Адам өлтүрүгө даярдык көрүү) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өзүн "принц" деп атоого мажбурлаган окуянын чыгышына түрткү болгону, андагы бычак К.Ж`га тиешелүү экени аныкталган. Далили катары WhatsApp, Messenger жана башка социалдык тармактар аркылуу жазган СМСтери алынган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө кылмышка шектелип 2008-жылы туулган К.Ж. кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Белгилесек, буга чейин социалдык тармактарга өспүрүмдүн бутуна бычак сайып, өзүн "принц" деп атоого мажбурлап, бутун өптүргөн 19 жаштагы жигиттин видеосу тараган. Бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кийин "Кыйноо" беренесине алмаштырылып, тергөө жүрүп жаткан. Ал эми шектүү УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16880