Олимпиада-2024: Бүгүн кыргызстандык 3 балбан килем үстүнө чыгат
RU

Олимпиада-2024: Бүгүн кыргызстандык 3 балбан килем үстүнө чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-августта кыргызстандык 3 спортчу килемге чыгат. Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн көңүл жубатуучу беттеш өткөрсө, Амантур Исмаилов өзүнүн салмагы боюнча биринчи беттешке чыгат.

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

7-августка карата жүгүртмө:

  • Саат 15:00дө коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттештер башталып, 77 кг чейинки салмак категориясында Акжол Махмудов менен Алексис Муньоз (Колумбия) күч сынашат.
  • 97 кг чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков менен Джозеф Патрик Рау (США) килем үстүнө чыгышат.
  • Саат 15:30да алдын ала кармаштар башталып, 67 кг чейинки салмакта Амантур Исмаилов менен Рамаз Зоидзе (Грузия) беттешет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16892