Ысык-Көлдө заманбап спорт комплекси курулат
RU

Ысык-Көлдө заманбап спорт комплекси курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылына мультифункционалдык спорт комплекси курулат. Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда комплекстин эскиздик долбоору талкууланды.

Маалым болгондой, Кара-Ойдогу 17,72 га жер тилкеси Футбол биримдигине пайдаланууга берилген. Бул аймакка заманбап спорт комплекси 2024-жылы курула баштайт.

Анда спорттун олимпиадалык түрлөрү - футбол, сууда сүзүү, жеңил атлетика, волейбол, баскетбол, күрөш, дзюдо, бокс, гимнастика, оор атлетика, теннис жана башкалар үчүн инфраструктура каралат. Комплексте аталган спорттор боюнча эл аралык даражадагы мелдештерди өткөрүүгө жана улуттук курама командаларды даярдоого бардык шарттар түзүлөрүн маалымдады биримдиктен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16896