Мээрим Жуманазарова Олимпадага аз калганда операциядан баш тартканы маалымдалды
RU

Мээрим Жуманазарова Олимпадага аз калганда операциядан баш тартканы маалымдалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнө элине таанылган балбан Мээрим Жуманазарова Париждеги Олимп оюндарына катышуу үчүн операциядан баш тарткан. Бул туурасында балбандын машыктыруучусу Чынарбек Изабековдун жубайы Назира Айдарова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Белгилесек, Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарынын алкагында кыз-келиндер күрөшү боюнча финалдык беттешке чыгып, 2-орунду камсыздаган. Айдарова билдирүүсүн финалдык беттешинен кийин жазды.

"Өзгөчө Мээрим үчүн абдан кубанычтамын. Бул жыл ал үчүн оор жыл болду. Дүйнөлүк чемпионатта алган жаракаты спорттон четтетип койду. Көпчүлүк спортчуга жоктой мамиле кылышты, спорттук иш-чараларга чакырбай калышты. Жакын достору, үй-бүлөсү жана машыктыруучусу гана колдоо көрсөтүп жатышты. Ушундай болот экен, бул жашоонун чындыгы. Олимпиада оюндарына аз калганда операция кылдыруудан баш тартты. Операциясы жок калыбына келүүнү туура көрдү. Жарым жыл машыккан жок, андан кийин кичинеден спортко кайта баштады. Мээрим эрктүүлүгү менен ушуга жетти.

Бир жолу аны менен сүйлөшүп калганымда ал-акыбалын сурасам, мындан ары да эмгектене берерин, калганы Кудайдын буйругунан деди", - деп жазды.

Ошондой эле Назира Айдарова жолдошу Нурбек Изабековдун эмгегине токтолуп, медалдар көптөгөн эмгектин артынан келерин белгиледи.

"Жолдошумду да өзүнчө куттуктайм. Мээримге эч ким ишеним көрсөтпөй калганда жолдошум ишенип, Олимп оюндарына даярдады. Ал оңой жолду тандабай, сапаттуу иш жасаган адам", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16902