Бали! Акжол Махмудов Олимп оюндарында коло байгенин ээси болду
RU

Бали! Акжол Махмудов Олимп оюндарында коло байгенин ээси болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Париж Олимпиадасында Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн коло медаль утту.

8-августка караган түнү кыргызстандык балбан азербайжандык Санан Сулейманов менен коло үчүн беттешип, 5:5 эсебинде жеңди.

Махмудов буга чейин чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилип калган. Бирок казак балбаны финалга чыкканы үчүн Махмудов көңүл жубатуучу беттешке чыгып, колумбиялык Алексис Муньозду уткан.

Муну менен Акжол Махмудов Кыргызстандын куржунуна Олимпиада оюндарынын үчүнчү медалын камсыздады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16905