Бишкекте дайынсыз жоголгон 10 жана 7 жаштагы бир туугандар табылды
RU

Бишкекте дайынсыз жоголгон 10 жана 7 жаштагы бир туугандар табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте дайынсыз жоголуп, изделип жаткан бир тууган кыздар аман-эсен табылды. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, 10 жашта жана 7 жаштагы кыздар түнү менен изделип, шаар аймагынан табылды.

Белгилесек, 8-августта милицияга кыздардын атасы кайрылган. Ал 2014-жылы туулган Гузел Назарматова жана 2017-жылы туулган Айша Назарматова аттуу кыздары ошол эле күнү саат 8-11лер чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Учурда кыздардын дайынсыз жоголушу боюнча бардык жагдайлар такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16919