Кыргыз спортчуларынын тамактанып жаткан видеосу талкууга алынды. Видео эски экени айтылды
RU

Кыргыз спортчуларынын тамактанып жаткан видеосу талкууга алынды. Видео эски экени айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга кыргызстандык спортчулардын кийим алмаштыруучу бөлмөдө тамактанып отурган видеосу тарады. Анда "спортчулардын ичип, жеп жаткан тамагына эч ким тойбойт" дегендей маанидеги комментарийлер жазылууда. Соцтармактын айрым колдонуучулары "элчи деле көңүл бурса болмок" деген пикирлерин айтышты.

Ал арада Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз спортчуларды 1 эмес, 3 маал тамактандырууга даяр экендигин айтты.

"Урматтуу Кыргызстандын намысын коргоп келген спортчулар! Силер биздин сыймыгыбызсыздар! Уюштуруу ишинде мүчүлүштүктөр болуп жатса биз ошол кемчиликтерди жоюуга милдеттүүбүз.

Силердин ар бириңерди чакырып үйдөн күнүгө үч маал тамак берүүгө кандай куштар экенимди билсеңер… Айла жок, Олимпиаданын шарты катуу экен, ал ишти аткара албай жатам.

Азыр уюштуруучулар атайын өзгөчө тамак-аш менен силерди камсыздап жатканын да билем. Элчиликтин атынан, жеке үй-бүлөмдүн атынан азыр Парижде жүргөн ар бириңерге 1000 евро "Парижден атайын белек" деп арнап отурам. Эртеңден баштап ар кимиңер федерация башчылары аркылуу силерге түздөн-түз берилет", - деди.

Элчи социалдык тармакка тарап жаткан видео эски экенин, Азия чемпионатында тартылганын айтат. "Эски видеону көрүп, андан чуу чыгарган патриот жарандарыбызды токтоо болуп, бөлүнүп, жарылбоого чакырам", - дейт Садык Шер-Нияз.

Белгилесек, Олимпиада кыштагында спортчуларга берилген тамак-аш боюнча нааразычылыктар айтылып, андан кийин уюштуруучулар тамак-ашты жакшыртканы маалымдалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16920