Олимпиада-2024: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев килемге чыгат
RU

Олимпиада-2024: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев килемге чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-августта Париждеги Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев биринчи беттештерин өткөрөт.

Чүчү кулактын жыйынтыгы менен Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм чейинки салмакта биринчи кармашында нигериялык Эстер Колаволе менен күрөшөт.

Ал эми Айаал Лазарев 125 килограммга чейинки салмакта ирандык Амир Хоссейн Заре менен күч сынашат.

Беттештер саат Бишкек убактысы боюнча 15:00дө башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16922