Кримтөбөл Эркинбек Мамбеталиевдин кармалышы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат берди. Комитеттен Эркинбек Мамбеталиевдин кримтөбөл Р.Акматбаевге, ошондой эле К. Көлбаевдин (Асанбек) кылмыштуу тобуна тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар алынган дейт.
slide 3 of 2
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Эркинбек Мамбеталиев Р. Акматбаев менен К. Көлбаевдин өзгөчө таасиринен пайдаланып, алардын колдоо көрсөтүүсү менен коммерциялык мүнөздөгү жеке маселелерди чечкени аныкталган. Ал узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, батир, жер тилкелерди, коммерциялык объекттерди, кымбат баалуу автомобилдерди жакын туугандарына каттаган жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат берүүчү документтери жок болгон", - деп кабарланат.
slide 2 of 10
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Уюшкан кылмыштуу топко катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерлери тарабынан тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада ок атуучу куралдардын арсеналы алынып, 4 млн доллардан ашык суммадагы мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрү аныкталды.
slide 2 of 7
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы
Эркинбек Мамбеталиев Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топко катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.