Бишкекте Комсомол көлү ачылып, анда эс алгандардын агымы көбөйдү. Видео, сүрөт
RU

Бишкекте Комсомол көлү ачылып, анда эс алгандардын агымы көбөйдү. Видео, сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Кара-Жыгач токоюнда жайгашкан Комсомол көлү бир нече жылдан кийин кайра ачылды. Жайкы сезонго карата ачылган көлгө мурдагыдай эле дем алыш күндөрү эс алуучулар көп топтолууда.

Шаардыктардын сүйүктүү эс алуу жайы болгон Кара-Жыгач токоюндагы Комсомол жана Пионер көлдөрү акыркы жылдары суусуз калып, иштебей турган. Булар жасалма көлдөр болгондуктан тазалоо системасы жок болчу. Бишкек мэриясы жыл сайын сууну тазалап турчу. Бирок акыркы бир нече жыл катары менен аталган көлдөр ачылбай туруп калган.

Буга чейин Комсомол көлү Чоң Чүй каналынан толтурулчу. Каналдан келген суу атайын тундургуч аркылуу көлгө куюлчу. Бирок тундургуч да оңдоого муктаж эле.

Быйыл муниципалитет Комсомол көлүн тазалоо жана калыбына келтирүү боюнча масштабдуу иштерди жасады. Көлдүн түбүн механикалык жана кол менен тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жумушчулар бургулоо системин жана канализацияны калыбына келтиришти. Ошентип көл кудуктан алынган таза суу менен толтурулду.

Комсомол көлү эртең мененки саат 09:00дөн кечки 20:00гө чейин иштейт. Бул жакка келген эс алуучуларга талап бар. Көлдүн жээгинде жана айланасында алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынат. Бул үчүн 1000 сом өлчөмүндө айып салуу же 20 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу каралган.

Белгилей кетсек, көлдүн аймагында таштанды челектери аз болгондуктан, таштандылар ашып-ташып, көрктү бузат.

Анткен менен био дааратканалар орнотулган.

Көлдү ачуу алдында мэрия куткаруучуларды кызматкка кабыл алууну жарыялаган. Алардын кызматтык милдеттерине куткаруу постунда нөөмөттө туруу, кырсыкка кабылган адамдарга токтоосуз жардам көрсөтүү, суу кемелерин жана куткаруучу шаймандарды күтүүсүз кырдаалга даяр кармоо, нөөмөттү кабыл алуу жана тапшыруу, кырсыктарды каттоо журналын жана китебин жүргүзүү кирет.

Комсомол көлү 1930-40-жылдары ачылган. Аянты 25,5 миң чарчы метрге жетет, ал эми тереңдиги сууда сүзүү зонасында 1,5 метрден сууга түшүүчү мунаранын астында 8 метрге чейин жетет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16925