Эскертүү! Бишкекте дагы эки көчө жабылат
RU

Эскертүү! Бишкекте дагы эки көчө жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Горький көчөсүнүн А.Кунанбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү 10-августунда жабылат. Мэриядан кабарлашкандай, бул тилкеде жолду оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Ошондой эле 11-августта Б.Юнусалиев көчөсүн А.Сүйөркулов көчөсүнөн И.Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн жабуу пландалууда.

Бишкек шаарынын мэриясы тыгындарды болтурбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландап алууну сунуштайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16926