Айсулуу Тыныбекова Олимпиадада америкалык атаандашын утуп, жарым финалга өттү
RU

Айсулуу Тыныбекова Олимпиадада америкалык атаандашын утуп, жарым финалга өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова Олимпиадада америкалык атаандашын утуп, жарым финалга чыкты.

Чейрек финалда Кайла Миракл менен кармаш кызуу болуп, эсеп 6:6 менен аяктады. Бирок Айсулуунун мыкты, сапаттуу техникасына артыкчылык берилип, балбан кыз жарым финалга өттү.

Кыргыз балбаны жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен кез келет. Эске салсак, Токио Олимпиадасында да Тыныбекова жарым финалда Коляденко менен кез келген. Жарым финал Бишкек убактысы боюнча бүгүн, 9-августта саат 22:15 чамасында башталат.

Учурда Кыргызстандын капчыгында бир күмүш, 3 коло медаль бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16928