Таласта 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
RU

Таласта 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунда бүгүн, 10-августта жер титиреди. ӨКМнын алдын ала маалыматына ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Сейсмология институту берген маалыматка караганда, саат 10:26да Кыргызстандын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият, Ынтымак айылдарында, Талас районунун Козучак айылында 3 балл сезилген.

Ал эми А.Огонбаев, Калба, Кум-Арык айылдарында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жана Талас шаарында 2,5 баллга (Ынтымак айылынан 15 чакырым түштүктө, Талас шаарынан 25 чакырым түштүк батышта) жетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16934