Олимпиада-2024: Кыргызстандык жөө күлүк жарышта 14-чү болуп келди
RU

Олимпиада-2024: Кыргызстандык жөө күлүк жарышта 14-чү болуп келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Париждеги Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында жеңил атлетика боюнча марафону болуп өттү.

Улуттук курама командасынын мүчөсү Сардана Трофимова жарышта 14-чү болуп келди.Ал биринчи 25 чакырымды экинчи болуп чуркап өттү, бирок андан кийин атаандаштарынан артта калды.

Трофимова 42 км 195 метр аралыкты 2 саат 26:47 минутада чуркап өттү. Ошентип, ал өлкөнүн рекордун жаңылады.

Нидерландиянын атынын чыккан кениялык жөө күлүк, ошондой эле Олимпиада рекордун жараткан Сифан Хассан марафондо алтын жеңип алды. Анын жыйынтыгы 2 саат 22:55 мүнөт болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16946