Министрлер кабинети Олимп оюндарынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды көтөрдү
RU

Министрлер кабинети Олимп оюндарынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды көтөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети Париждеги (Франция) Олимп оюндарында байгелүү орунга ээ болгон спортчуларга акчалай сыйлыктарды көтөрдү. Маалыматты Kaktus.media сайтына Министрлер кабинетинен тастыктады.

Ага ылайык, спортчулар эми күмүш медаль үчүн 10 миллион сом, коло үчүн 7 миллион сом алышат.

Белгилей кетсек, Парижде өткөн Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы 6 медаль утту. Эки күмүш медалдын ээси - Мээрим Жуманазарова жана Мунарбек Сейитбек уулу.

Ал эми коло медалдарды Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16949