Парижде Олимп оюндарынын жабылуу аземи өттү. Сүрөт
RU

Парижде Олимп оюндарынын жабылуу аземи өттү. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Париждеги "Стад де Франс" стадионунда Олимп оюндарынын жабылуу аземи болду. Белгилесек, Олимп оюндарынын уюштуруучулары жабылуу программасын акыркы мүнөттөргө чейин жашырышкан.

Миңдеген спортчулар жана он миңдеген көрүүчүлөр менен бирге стадионго Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах жана УЕФАнын башчысы Жанни Инфантино катышты.

Салтанаттын аягында Олимпиада желеги АКШ өлкөсүнө тапшырылды. 2028-жылы Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтөт.

Иш-чаранын аягында Олимпиаданын оту өчүрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16952