Call-борбор: Көлмө конушунда таштандылар апта бою тазаланбай, каңылжарды жарат
RU

Call-борбор: Көлмө конушунда таштандылар апта бою тазаланбай, каңылжарды жарат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg редакциясынын Call-борборуна Бишкектин Көлмө конушунун тургуну кайрылып, таштандылар убагында тазаланбай, жыты каңылжарды жарып жатат дейт. "Тазалык" мекемесинин ишине нааразы болгон тургундун айтымында, таштандылар 2-3 аптага чейин тазаланбай туруп калат.

"Көлмө калктуу конушунда жай мезгилинен бери таштандылар убагында тазаланбай келет. Апта бою, айрым учурда 3 аптага чейин таштандылар чыгарылбай, үйүлүп калат. Сырттагы ысыктан тоодой болгон таштанды сасып, каңылжарды жарат, жанынан өтүү мүмкүн эмес. Ал эми таштынды таштоочу жайга жакын үйлөрдүн ээлери кайда кайрыларын билбейт. Канча жолу даттанганбыз, бирок жыйынтык болбой келет. "Тазалык" мекемеси акча чогултканды эле билет, таштанды чыгаруу керек болгондо таппайсың", - деп нааразы болду тургун.

Жарандын даттануусу боюнча "Тазалык" муниципалдык мекемеси комментарий берди. Ишканадан белгилешкендей, аталган конушта таштандылар күндө тазаланат.

"Көлмө конушунда таштандыларды тазалоо иштери күндө жүргүзүлөт. Бирок жашоочулар өздөрү тазалыкты сакташпайт. Ишемби күнү (10-август) эле таштандылар чыгарылып, аймакты жуу иштери жүргүзүлгөн. Жекшемби күнү дагы тазаланган. Дүйшөмбү күнү кайра эле ошондой көрүнүш болуп жатат", - дешти.

Мекемеден ишемби күнү таштандылар төгүлчү челектер менен аймакты жууп, тазалоо ишетриндеги видеолор менен да бөлүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16953