Кара-Суунун акими Темирболот Абыкеев кызматтан бошотулду
RU

Кара-Суунун акими Темирболот Абыкеев кызматтан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп Канат Табалдиев дайындалды. Бул туурасында президенттин администрациясы маалымдады.

Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Канат Табалдиев Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болду.

Ал эми президенттин башка тескемеси менен Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жаңы дайындалган аким бүгүн, 12-августта эмгек жамаатка тааныштырылганын билдирди.

Белгилесек, июль айында Темирболот Абыкеев ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алган деген шек менен УКМК тарабынан кармалган. Ош шаардык соту тарабынан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16959