Ишкер Жалил Атамбаев кармалды
RU

Ишкер Жалил Атамбаев кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ишкер, мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаев кармалды. Мындай маалыматты Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Айтымдарында, август айынын башында Жалил Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деп шектелүүдө.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 2024-жылдын 8-августундагы чечими менен тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү канааттандырылган. Ага ылайык, А.Ж. 4-сентябрга чейин камакка алынып, Бишкек шаарынын СИЗОсуна киргизилгенин Бишкек шаардык сотунан Kaktus.media сайтына билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16960