Кара-Балтада мушташка арача болгон киши комада жатып каза болду
RU

Кара-Балтада мушташка арача болгон киши комада жатып каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балта шаарында мушташа кеткен өспүрүм балдарды ажыратам деп комага түшкөн 45 жаштагы киши каза болду. Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, жабырлануучу 11-августта ооруканада каза болгон.

Эске салсак, 2-августта Кара-Балта шаарындагы сейил бакта 15 жаштагы Б.А. аттуу өспүрүм ижарага самокат берип жатып кардар менен уруша кеткен. Натыйжада бир нече адамдардын катышуусундагы мушташка айланган. Бул учурда жакын жердеги кафеде отурган К.У. окуяга күбө болуп, балдарды ажыратуу үчүн барган. Бирок денесинен оор жаракат алып, эс-учун жоготкон абалда аймактык ооруканага түшкөн.

Кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалып, үй камагына чыккан. 2009-жылы туулган Б.А. 1 айга камалган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16966