Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров кармалды
RU

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты (VI чакырылыш) Салайдин Айдаров кармалды. Бул тууралуу маалыматты Kaktus.media редакциясына Бишкек шаардык сотунан тастыктады.

Маалым болгондой, Октябрь райондук сотунун 8-августундагы чечими менен УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү канааттандырылган. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо") боюнча айыпталган А.С.А. 4-сентябрга чейин камакка алынып, СИЗОго киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16967