Бишкекте бир нече жыл бою өзгөрүүсүз турган "Светоч" жарнамасы алынды
RU

Бишкекте бир нече жыл бою өзгөрүүсүз турган "Светоч" жарнамасы алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасы "Светоч" дүкөнүнүн көрнөк-жарнактарын алып салды.

Бул жарнама Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде 20 жылдан ашык турган. Көптөгөн компаниялардын жарнактары жана баннерлери үзгүлтүксүз жаңыланып турганына карабастан, бул такта көп жылдар бою өзгөрүүсүз бойдон ткрган. Шаардыктар жарнаманы туруктуулуктун символу деп тамаша кылып коюшчу.

Мэрия президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынан алкагында Бишкектеги жарнама такталарын демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16968