Айсулуу Тыныбекова спорттук карьерасын качан жыйынтыктарын айтты
RU

Айсулуу Тыныбекова спорттук карьерасын качан жыйынтыктарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз спортунун легендасы, кыз-келиндер күрөшүнүн капитаны Айсулуу Тыныбекова качан спорттук карьерасын жыйынтыктай турганы боюнча үн катты. Ал kaktus.kg редакциясынын "2028-жылы Лос-Анжелесте боло турчу Олимпиадага катышасызбы?" деген суроосуна ойлонуп көрүшүм керек деп жооп берди.

Ал коло үчүн беттештен кийин эч нерсени ойлонбой, жеңиштин ырахатын алганын айтып, алдыңкы убактарда машыктыруучулар менен кеңешип, өзү жарым жыл болсо да ойлонуп көрүшү керектигин айтты.

"Мен тиземден жаракат алгандан кийин Олимп оюндарына катышпай каламбы деп ойлогом. Ошондуктан жаракат алганымды да эч кимге айткан эмеспиз.

Коло алганымда абдан сүйүндүм. Жеңиштен кийин сүйүнүп, эч нерсени ойлонгон жокмун. Бардыгы беттештен кийин карьерасын жыйынтыктайт деп ойлошуптур бирок, мен аны ал учурда ойлонгон жокмун.

Мен бул нерсени машыктыруучуларым менен акылдашып анан ойлонуп көрүп, чечим чыгарышым керек. Ал үчүн жок дегенде жарым жыл убакыт керек", - деди ал.

Парижде өткөн Олимпиада оюндарында күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова коло медаль тагынды. Бул спортчу үчүн төртүнчү Олимпиада. Ал 2012-жылы Лондондо (Англия) өткөн оюндарга биринчи жолу катышып, 13-орунга гана жеткен. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо (Бразилия) ал медалга бир кадам жетпей калган. Ал анда акыркы секунддарда медаль алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып, 5-орунду ээлеген. Ал эми Токио Олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Азиянын алты жолку чемпиону. Анын аркасынан көптөгөн кыздар күрөшкө кызыга баштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16971