Ошто унаа мектептин мугалими 40 миң сом менен кармалды
RU

Ошто унаа мектептин мугалими 40 миң сом менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында унаа мектептин кызматкери 50 миң сом опузалаганга шектелип кармалды. ИИМдин маалыматына караганда, бул каражатты айдоочулук күбөлүк жана сынак үчүн сураган.

Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну 1996-жылы туулган Т.А. арыз менен кайрылган. Айтымында, 5-августта Ош шаарында жайгашкан унаа мектепте мугалим болуп иштеген Д. "экзаменден ийгиликтүү өткөрүп, айдоочулук күбөлүк алып берем" деп 50 миң сом акчаны пара катарында талап кылган.

Аталган факты боюнча 208-берененин 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иш козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 13-августта болжол менен саат 10:00 чамасында унаа мектептин мугалими Д.С. 40 миң сом алганда кармалды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16981