АКШда топтолгон балдар кыргызстандыкка кол салып, тоноп кетишкен
RU

АКШда топтолгон балдар кыргызстандыкка кол салып, тоноп кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын Лос-Анжелес шаарында топ балдар кыргызстандыкты тоноп кетишкен. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, 2-августта болгону айтылат.

Маалыматка караганда, Шайлообек Базарбай уулу кызыл жарыкка токтогондо велосипедчен өспүрүмдөр анын жолун торогон. Өспүрүмдөрдүн бири кыргызстандыктын унаасына бөтөлкө ыргыткан. Шайлообек унаадан түшкөндө 30га жакын өспүрүм аны курчоого алып, сабап башташкан. Окуяны видеого күбө тартып алган. Өспүрүмдөр унаанын айнектерин сындырып, рюкзак жана капчыкты уурдап, унаага олуттуу зыян келтиришкен.

Видеодо жылаңаяк, аксап калган Шайлообектин башына жана денесине сокку жегенин көрүүгө болот. Кол салуудан анын буту сынган жана олуттуу жаракат алган.

Күбөлөрдүн бири жабырлануучуга элдин арасынан чыгууга жардам берген. Кол салгандар полиция келгенге чейин качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Кыргызстандыктын айтымында, ал көчүп бара жаткандыктан унаада көптөгөн буюмдары, анын ичинде документтери, акча жана кредиттик карталары уурдалган. Унаага келтирилген зыян 20 миң долларга бааланат.

Бүгүнкү күндө кол салгандардын бири да кармала элек. Шайлообек окуядан бир нече күндөн кийин банк карталары кимдир-бирөөлөр тарабынан колдонулганын билдирген.

Тышкы иштер министрлигинин комментарийи

Министрлик Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугу АКШда кыргызстандык жаранга кол салуунун чоо-жайын иликтеп жатканын билдирди.

"Учурда бул маселе боюнча КРнын Чикаго шаарындагы (АКШ) башкы консулдугу тарабынан окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат, Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө", - дешет ведомстводон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16997