Чүйдө мыйзамсыз иштеген медресе аныкталды
RU

Чүйдө мыйзамсыз иштеген медресе аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Москва районунда мыйзамсыз иштеген диний жай аныкталды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, медреседе 20дан ашык бала окуп жаткан.

Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 1982-жылы туулган Э.Г. эч кандай уруксат кагаздарды албастан үйүндө медресе ачып алганы такталган. Текшерүү учурунда 22 бала окутулуп жатканы аныкталды.

Учурда бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16998