Париждеги Паралимпиада оюндарына кыргызстандык 4 спортчу барат
RU

Париждеги Паралимпиада оюндарына кыргызстандык 4 спортчу барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жайкы XVII Паралимпиада оюндарында Кыргызстандан төрт спортчу катышат. Оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин Франциянын борбору Париж шаарында өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрилиги берген тизмеге ылайык, төмөнкү спортчулар Паралимпиадага катышат:

  • Пара-дзюдо - Маматибраим Суранов (73 кг);
  • Пара-пауэрлифтинг - Миргүл Болоталиева (86 кг);
  • Пара-триатлон - Айтунук Жоомарт кызы (коштоочусу Ангелина Блиндул);
  • Пара-жеңил атлетика - Гүлназ Жүзбаева (коштоочусу Фернас Юлия).

Жайкы Паралимпиада оюндарында жалпы 22 спорттун түрүнөн 549 медаль топтому ойнотулат. Мелдештер Олимп оюндары уюштурулган спорттук жайларда өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17005