УКМК: Милдеттүү каттоодон өтпөгөн телефондор 16-августтан тарта өчүрүлөт
RU

УКМК: Милдеттүү каттоодон өтпөгөн телефондор 16-августтан тарта өчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга тастыктоочу документтери жок алынып келген жана каттоодон өтпөгөн уюлдук түзүлүштөр эртең, 16-августтан тартып өчүрүлөт. Бул тууралуу УКМКдан маалымдап, мобилдик аппараттарды каттоонун акыркы мөөнөтү 15-август экенин эскертти.

Белгилесек, Министрлер кабинети өлкөгө контрабанда жолу менен алынып келген мобилдик телефондорго бөгөт коюу, алдамчылыкка жана уурдоого каршы күрөшүү, ошондой эле аккумулятордун жарылуусу жана сапатсыз аппараттардын техникалык бузулуу тобокелдиктерин алдын алуу максатында уюлдук телефондорду каттоо системасын ишке киргизген.

Комитеттен белгилешкендей, уюлдук аппараттар Мамлекеттик идентификациялоо системасында катталат.

  • Мамлекеттик реестрде мобилдик түзүлүштөрдү каттоо үчүн төлөм, ошондой эле бажы алымдары жана салыктары мобилдик түзүлүштөрдү импорттоочуларга чегерилет жана андан ары жеке жактарга сатуу акысыз жүргүзүлөт.
  • Кыргызстанда аппараттарды сатып алгандар өз алдынча каттоонун кереги жок. Мобилдик каражаттарды сатып алардан мурла телефондон *5656# буйрутмасын терип, www.imei.kg сайты же Beeline, Mega, O! байланыш операторлорунун тиркемеси аркылуу Мамлекеттик идентификациялоо системасында катталгандыгын текшерүү зарыл.
  • Мамлекеттик идентификациялоо системасы ишке киргенге чейин (2024-жылдын 25-июнуна чейин) колдонулган бардык мобилдик түзүлүштөрү автоматтык түрдө тизмеге киргизилип, акысыз катталган. Башкача айтканда байланыш операторлорунун тармагынан ажыратылбайт.
  • Өлкөгө байланыш аппараттарын алып кирген жеке жана юридикалык жактар сөзсүз аларды каттоого алышы керек. Демек, телефонду кимден алсаңыз ошол компания акчасын төлөп, каттап кылып берүүгө милдеттүү.
  • Жеке жактар Кыргыз Республикасынын аймагына жылына 2ден ашык эмес уюлдук аппаратты жеке пайдалануу үчүн акысыз алып кире алат.
  • Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары аппараттарды сатып алган адамдар (телефонду чет өлкөдөн алып келсе же Кыргыз Республикасынан тышкары эл аралык базарлардан онлайн буюртма кылынса) www.imei.kg сайтында катташы керек.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17006