Быйыл окуучулардын формасы кандай болот? Министрлик талаптарды бекитти
RU

Быйыл окуучулардын формасы кандай болот? Министрлик талаптарды бекитти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана министрлиги 1-11-класстын окуучуларынын мектеп формасы боюнча бирдиктүү талаптар бекитилгенин кабарлады. Ага ылайык, мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ.

Белгилүү болгондой, мектептерде спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы кийимди, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.

  • Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы - ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак. Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде болот.
  • Кыздар үчүн мектеп формасы - классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак. Пиджак, көйнөк жана шым бир түстүү же чакмак кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) болот.

Окуучулардын мектеп формасында жалпы билим берүү уюмунун, класстын айырмалоочу белгилери - эмблема, төш белги, сайма ж.б. болушу мүмкүн.

Ошондой эле форма аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган "үстү ачык, асты кара түстөгү" форма менен камсыздаса болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17019