Эми окуучулар классты өздөрү тазалашат. Министрлик буйрук чыгарды
RU

Эми окуучулар классты өздөрү тазалашат. Министрлик буйрук чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окуучулар өздөрү окуган класстарда тартипти сактап, дайыма тазалап турушу керек. Бул туурасында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева түз эфирде жарандарды кызыктырган суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Айтымында, класстарды тазалоого окуучуларды тартуу боюнча минитрликтин буйругу чыккан.

"Бул окуучуларды эксплуатациялоо эмес. Ал өзүн-өзү тейлөө, өзүнүн тазалыгына, өзү жашаган жерге жоопкерчиликтүү мамиле кылууга багытталат. Бала өзү отурган партага, өзү отурган класска, өзү барган дааратканага жана өзү окуп жүргөн мектебине камкор мамиле жасоого үйрөнүшү керек", - деди ал.

Министр окуучулар классты канча жолу тазалап турушу керектигин тактаган жок.

Белгилей кетсек, буга чейин орто мектептерде окуучулар класстарды нөөмөт менен тазалап турушкан, бирок акыркы жылдары көп мектептерде окуучулардын көптүгүнөн жана шарттын жоктугунан мындай практикадар баш тартышкан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17020