Таш-Көмүрдө шаардык кеңештин кызматкери экинчи ирет кармалды
RU

Таш-Көмүрдө шаардык кеңештин кызматкери экинчи ирет кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери акча талап кылгандыгы үчүн кайрадан кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери Б.С.С. жергиликтүү бюджеттен эмгек акыны өндүрүү маселесин чечкендиги туралуу сот актысынын негизинде О.А.З. аттуу жарандан (ишке мажбур жолу менен барган эмес) 45 миң сом опузалаган. Буга байланыштуу 14-августта Б.С.С. талап кылган акчаны алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгынын убактылуу тергөө камак жайына киргизилди.

Мамкомитеттен белгилешкендей, 2023-жылдын июнь айында Б.С.С. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин спикери болуп турганда аткарылган иштердин жыйынтыгын үзгүлтүксүз кабыл алуу үчүн подрядчынын өкүлүнөн акча алып, алдамчылык аракеттерди жасагандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган. Сот тарабынан ага кылмыш иши козголуп, тараптардын жарашуусу боюнча иш токтотулган.

Учурда экинчи факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17023