Кыргызстандын паралимпиадачылары Парижге узатылды
RU

Кыргызстандын паралимпиадачылары Парижге узатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Паралимпиада курама командасы XVII жайкы Паралимпиада оюндарына узатылды.

Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов оюнчуларды лицензия алышы менен куттуктап, алардын жетишкен ийгиликтери үчүн сыймыктанарын билдирди.

"Сиздердин жетишкендиктериңиздер жана спорт – баарыбызды бириктирүүгө, ар бирибизди күчтүү болууга жана жакшы жакка үндөп жатат. Сиздердин Паралимпиада оюндарына катышып жатканыңыздардын өзү эле жеңиш. Сиздердин кайратыңыздар жана жеңишке болгон эркиңиздер биздин өлкөнү гана эмес, бүткүл дүйнөнү шыктандырат. Сиздерге ийгилик жана чоң жетишкендиктерди каалайм. Сиздердин жолуңуздарда ар дайым жаңы жетишкендиктерге орун болуп, күн сайын кыялдарыңыздарга жакындата берсин", – деди МинКаб Төрагасынын орун басары.

Кыргызстандын Паралимпиада курамасынын курамында: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17048