Зындан тоо көлү жарылганынан улам Туура-Сууга өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды
RU

Зындан тоо көлү жарылганынан улам Туура-Сууга өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

21-августта, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу айылынын эли ӨКМ тарабынан эвакуацияланган. Себеби, кечээ Зындан тоо көлү жарылып, суу ташкыны коркунучу жаралган болчу.

Бүгүн, 22-августта Туура-Сууга өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМдан билдирди.

Учурда Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолунун Туура-Суу-Темир-Канат жол бөлүгүндө каттам жабык.

Ысык-Көл облусундагы Туура-Суу айылында Зындан көлү жарылып, андан соң айыл аймагын суу каптап, азыркы учурда Тоң районундагы Туура-Суу-Темир-Канат унаа жолунда каттам жабык.

Туура-Суу айылынын тургундары эвакуацияланды.

№33 Жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери тарабынан  азыркы учурда 1 экскаватор жана 1 жүктөгүчтүн жардамы менен жолду жана айылды суу каптоого каршы иш-аракеттери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17057