"Оскар" сыйлыгына талапкер болчу тасма тандалды. Спойлер: "Бейиш эненин таманында"
RU

"Оскар" сыйлыгына талапкер болчу тасма тандалды. Спойлер: "Бейиш эненин таманында"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө "Оскар" сыйлыгы үчүн ат салыша турган фильм тандалды. Кыргызстандын атынанрежиссер Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы катыша турган болду.

Маданият министрлиги "Оскардын" чет мамлекеттердеги комитеттери учурда талапкерлердин тизмесин түзүп жатканын, андан кийин шорт-лист (кыска тизме) түзүлүп, жеңүүчү аныкталарын билдирди.

"Оскар" сыйлыгына кыргыз фильмдери "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясы боюнча көрсөтүлөт. Салтанат аземи 2025-жылдын 2-мартында Лос-Анжелестеги Dolby театрында өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17070