Германияда фестиваль учурунда кармалган өспүрүмдүн кыргызстандык экени айтылууда
RU

Германияда фестиваль учурунда кармалган өспүрүмдүн кыргызстандык экени айтылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Германияда фестиваль учурунда кол салган адам менен байланышы бар делип 15 жаштагы өспүрүм кармалды. Чет элдик басылмалар анын кыргызстандык болушу мүмкүн экенин жазышууда.

Кол салуу 23-августта, Солинген шаарында фестивалда болгон. Кылмышкер капысынан кол салып, натыйжада үч адам каза болуп, сегизи жарадар болгон, алардын бешөө оор акыбалда. Кылмышкер качып кетүүгө үлгүргөн.

Der Spiegel басылмасынын маалыматына караганда, кармалган жаран качкындар үчүн баш калкалоочу жайда жашаган кыргызстандык. Кармалган адамдын фестивалдагы кол салуудан кийин качып кетүүгө үлгүргөн шектүү менен байланышы бар. Күбөлөрдүн айтымында, алар 15 жаштагы жана дагы бир киши кол салуу мүмкүндүгүн талкуулап жатканын угушкан. Spiegel жазгандай, кармалган өспүрүм көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат.

Полициянын билдирүүсүндө кол салган адамды издөө жана кылмыштын себептерин иликтөө "толук кызуу жүрүп жатканы" баса белгиленет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17075