Сот Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн узартты
RU

Сот Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн узартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи Май райондук сот Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн ушул жылдын 26-октябрына чейин узартты. Бул тууралуу Kaktus.media'га сотто билдирди.

Белгиленгендей, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 23-августтагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, М.Р.га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтү 2024-жылдын 26-октябрына чейин узартылган.

Эске сала кетсек, 23-мартта УКМК Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга камынган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү Бишкекте кармалганын билдирген. Комитет алардын баары Азербайжандан келгенин кошумчалады.

Бир аздан кийин комитеттин басма сөз кызматы кошумча маалымат таратып, анда издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Бакуда экенин жана аны кармап, андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатканын маалымдаган.

2024-жылдын январь айынын аягында Райымбек Матраимовго УКМК тарабынан издөө жарыяланган жана анын миллиарддаган сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекетке өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17077