15-сентябрдан тарта Кыргызстанда көмүрдүн баасы көзөмөлдөнө баштайт
RU

15-сентябрдан тарта Кыргызстанда көмүрдүн баасы көзөмөлдөнө баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 15-сентябрдан тарта көмүрдүн баасы көзөмөлдөнө баштайт. Өкмөт мындай чечимди көмүрдүн кымбаттап кетишине жол бербеш үчүн кабыл алган.

Кара алтындын баасы үч ай бою бийликтин көз кырында болоору белгиленди. Бул иш-чаранын максаттары көмүрдүн кымбатташына жол бербөө жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо болуп саналат.

Маалым болгондой, Экономика жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча чараларды көрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17079