Таласта УКМК кызматкерине пара берүүгө шектелип эки ишкер кармалды
RU

Таласта УКМК кызматкерине пара берүүгө шектелип эки ишкер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган тоо-кен тармагындагы ишканалардын ээлери кармалды.

Маалыматта, тоо-кен тармагындагы кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында кендерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Буга чейин УКМК Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш ишин козгогон.

Аталган кылмыш ишин токтотуу үчүн "П.А.Т." ЖЧКсынын ээлери М.В.И. жана Е.Д.Н. жалпы сумманын жарымын берип жатканда колго түшүрүлгөн.

Талас шаардык сотунун чечими менен кармалгандар эки айлык мөөнөткө Талас РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17080