Илгиз Айтматов каза болду
RU

Илгиз Айтматов каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууганы, профессор, тоокен геомеханикасы боюнча илимпоз, техника илимдеринин доктору, КРнын УИАнын академиги Айтматов Илгиз Төрөкулович 93 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова билдирип, анын жакындарына көңүл айтты.

Илгиз Айтматлв профессор, КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери, илим жана техника боюнча СССРдин жана Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Илимий эмгектери негизинен кендерди коопсуз жана натыйжалуу иштетүү, чоң гидротехникалык курулуштарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы табигый жана табигый-техногендик кыйроолор көйгөйлөрүнө арналган;

  • Сейсмоактивдүү тоо аймактарында жер кыртышынын үстүнкү катмарындагы тектердин табигый чыңалган - деформацияланган абалы жөнүндө концепцияны түзгөн;
  • 260тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монографиянын), 15 ойлоп табуунун автору;
  • Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган;
  • III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган (2003).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17087