Оштогу 15 жаштагы кыздын окуясы боюнча 21 жаштагы кыз жана 27деги эркек кармалды
RU

Оштогу 15 жаштагы кыздын окуясы боюнча 21 жаштагы кыз жана 27деги эркек кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу 15 жаштагы кызды бир ай бою сексуалдык кулчулукка кармоо боюнча 21 жаштагы кыз жана 27деги эркек кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирип, маалыматты тастыктады.

Буга чейин Акыйкатчы институту Ош шаарында 15 жаштагы кыз бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып турганын кабарлаган.

ИИМ Ошто кыздар-балдар өспүрүмдү каналдын жээгине алып барып, күч колдонуп, шылдыңдап, ур-токмокко алганын тастыктады. Ошондой эле алар кызды бир нече күн белгисиз даректе кармашкан.

Аталган факт бирдиктүү реестрге катталып, милициянын ыкчам-тергөө иштеринен кийин өспүрүмдү сабоого шектелип 21 жаштагы кыз жана өспүрүмдү зордуктаган делип 27 жаштагы эркек тергөөгө жеткирилди.

"Учурда бул ишке тиешеси бар делген башка адамдар изделип жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Башкы беттеги сүрөт: Иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17093